Каада-салтты баалап: MegaCom`до Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-мартта өлкөдө ата-бабалардын калтырган мурасы жана терең философияны камтыган, кыргыздардын улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү белгиленүүдө. Ак калпактын формасы Кыргызстандын ак кар баскан бийик чокуларын эске салса, анын саймалары адамдын жашы, макамы тууралуу кабар берип турат.

Ак калпакты таанытуу, улуттук каада-салтты колдоо жана кыргыздардын патриоттуулугун курчутуу максатында "MegaCom" компаниясы бир катар акцияларды демилгелеп чыкты.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун мырзалары улуттук баш кийимди баалашып, кеңсеге ак калпак кийип келишип, корпоративдик флэш-мобго катышты.

Ошондой эле "MegaCom" компаниясынын сатуу жана тейлөө борборлорунун кызматкерлери дагы майрамга активдүү катышты. "Альфа Телекомдун" кызматкерлери улуттук баш кийимди чечпей, иш убактысы аяктаганга чейин кардарларды тейлеп жатышты.

Бүгүнкү Ак калпак майрамынын өзгөчөлүгү "MegaCom" компаниясынын Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарындагы баракчаларына жарыялаган сынагы болмокчу. Сынактын шарты боюнча катышуучулар калпак кийген сүрөтүн жарыялап, эң көп лайк топтошу керек. Акциянын 3 жеңүүчүсү бүгүн саат 17:00дө жарыяланат.


кошулду
MegaCom`до Ак калпак күнү белгиленди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан