"2 Прораба" соода борборунун 2-кабаты ачылды

6-мартта "2 Прораба" аталышындагы ири соода борборунун экинчи кабатынын ачылышы болду. Аталган борбордон сиз үйгө керектүү болгон буюм-тайымдарды, кооз жасалгаларды, дасторкон, килем жана идиш-аяк сыяктуу көптөгөн буюмдарды таба аласыз. Кооз жасалгаланып, керектөөчү конокторун күтүп алууга даяр болгон мекеменин жалпы аянты 4800 чарчы метрди түзөт. Анын ачылышы белгиленген убакытта башталып, ага келген коноктор жана сатып алуучулар көп болду. Соода борборунун ачылышы кызыктуу шоу программалар менен ар кандай компания өкүлдөрүнүн көрсөтүүсүндөгү мастер-класстар жана кызыктуу сынактар менен коштолуп, кардарларды кубантып жатты.

“2 Прораба” соода борборунун коммерциялык директору Мурат Жусуев борбордун негизги максаты кыргыз элинин бай жана бактылуу жашоосун камсыз кылуу экенин айтып, кардарлардын аталган борборго келип, соода кылуусунун артыкчылыктары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Бул жакка келип соода кылуунун кандай артыкчылыктары бар? Биз сиздердин убактыңыздардын коромжу болуусун алдын алабыз. Тагыраагы, сиздер унаа токтотуу үчүн көп убара тартпайсыз, контейнерден контейнерге кирип алчу буюмуңузду издеп убара болбойсуз. Баары бир имаратта орун алган. Мындан сырткары биз сиздин акчаңызды коромжу кылбоого кепилдик беребиз. Биздин борбордо ар кандай товарларга түрдүү арзандатуулар жүрүп турат. Мындан сырткары жылуу, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн", - деди Жусуев соода борбору тууралуу.

Ал арада аталган борбордун ачылышы үчүн лента кесүүгө кезек келип, борбордун коммерциялык директору Мурат Жусуевдин суранычы менен коноктордун сакалдуусу лентаны расмий кесип берди. Ачылыш азем кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчылары Абир Касенов жана Жийдеш Идирисованын аткаруусундагы ырлар менен коштолуп, алар конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми алып баруучулук тизгинди шоумен Алтын Камчиев кармады. Андан дагы эң негизги кызыктыруучу белектер катары үй тиричилик жумушуна керек болгон ар кандай буюмдар ойнотулду. Керектүү делген белектер газ плитасы, чаң соргуч, микротолкундуу меш, мултиварка жана акыркы үлгүдөгү iPhone 11 маркасындагы кол телефон ойнотулду.

Бул белектерди утуш үчүн соода борбордон кардар миң сомго соода кылса, ага чек берилип, ал купонго алмаштырылмак. Канчалык купон көп алынса, белек утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончо көп болчу. Ошентип көптөн күткөн жыйынтык чыгарылып, ойнотулган белектер ээлерине тапшырылды. Кутучада салынган купондорду кичинекей Нурсултан алып берип жатты.Чаң соргучту Карыбек аттуу кардар утса, микротолкундуу меш Хаида аттуу айымга буюрду. Ал эми электр мешин Өскөн мырза утса, байгелүү эң башкы белекти жаш эне Айгерим утуп кетти.

Ал күтүүсүз белек утканына сүйүнүп, жагымдуу эмоциялары менен бөлүшүп өттү.

“Биз “2 Прораба” соода борборунан апам экөөбүз керектүү буюмдарды алып кетип турабыз. Ушул жумада баламдын туулган күнү болуп, ал 1 жашка чыкмак. Ал күнү конок тособуз деп бул жакка идиш-аяктарды алганы келип, соода кылган чегибизди купонго алмаштырганбыз. Акыркы үлгүдөгү кол телефонун утуп алганыма аябай кубанып турам. Бул мен үчүн чынында күтүүсүз белек болду”, - деди ал.

Аталган соода борбору Лев Толстой көчөсү, 36К дарегинде жайгашкан.

"2 Прораба" соода борборунун 2-кабаты ачылды

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан