Казакстандагы ишкерлер мындан ары соода жүргүзүү үчүн милдеттүү түрдө жеке ишкер катары катталуулары керек

Алматы шаарынын Салык департаменти Казакстандын аймагындагы ишкерлерге карата төмөнкүдөй билдирүү таратты: 2013-жылдын 1-январынан тартып, бир жолу берилүүчү талон түрүндөгү салык алуу режими жокко чыгарылат. Мындан ары күн сайын бир жолу төлөнүүчү талондун ордуна соода жүргүзүү үчүн милдеттүү түрдө жеке ишкер катары катталуу зарыл. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкер катары Казакстандын жарандарынан сырткары Беларусь, Кыргызстан жана Орусиянын жарандары да каттала алат. Ал үчүн Казак Республикасынын аймагында убактылуу жашагандыгын тастыктаган документтер керектелет. Кошумча маалыматтар Казакстандагы Кыргызстандын элчилигинде жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинде берилмекчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан