«Каганат Инвест» – Кыргыз футбол союзунун башкы демөөрчүсү

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз футбол союзу менен "Каганат Инвест" ЖЧКсы кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Келишимге Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана “Каганат Инвест” компаниясынын башкы директору Нурбек Осмонов кол коюп, “Каганат Инвест” Кыргыз футбол союзунун башкы демөөрчүсү болду.

Канатбек Маматов аталган компаниянын Кыргыз өлкөсүнүн футболун колдоп жатканына ыраазычылыгын билдирди. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздө футболду колдоп жаткан компаниялар саналуу гана. Андыктан футболубузга өз салымын кошуп, колдоп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз. Футбол бул – дени сак жашоо, демек, коомубуздун спортко болгон кызыгуусу күчөйт. Ошондой эле жаш футболчуларыбызды өстүрүп, профессионал спортчуларга шарт түзүп берүүгө кол кабыш кылып жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем”, - деди Канатбек Маматов.

“Каганат Инвест” компаниясына ийгилик каалоо менен бирге быйыл заманбап машина куруу заводун жана текстиль фабрикасын ачып, бир канча миң жумуш орундарын түзүүсүн белгилеп, Кыргыз мамлекетинин экономикасына салым кошуп жаткандыгын айтып кетти. Өлкөнүн экономикасы канчалык өнүксө, спорт дагы алга кадамдарын таштайт.

“Каганат Инвест” компаниясы “Каганат” профессионалдык клубун негиздеп, быйылкы жаңы футболдук сезондо Премьер-Лигага катышуу укугун алды. Жаңы футболдук сезондо жалпы 9 команда катышып, атаандаштыкты күчөтүү менен кызыгууну арттырат.

Ошондой эле “Каганат Инвест” Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын жаш футболчуларын окутуп-өстүрүүгө, аларга шарттарды түзүү максатында толук каржылоо милдеттемесин алышты.



“Акыркы кездердеги Кыргыз өлкөсүнүн футболунун бутунан туруп келе жатканын көрүп, байкап жатабыз. Дүйнөдөгү №1 спорт болгон футболго өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Буга чейин 2019-жылы “Кагант Инвест” холдингине кирген “Ихлас” компаниясы Футбол федерациясынын башкы демөөрчүсү болуп, каржылык жагынан көмөк көрсөтүп келген. Өлкөбүздөгү таланттуу футболчуларды тарбиялап, улуттук курама командага салым кошо турган спортчуларды өстүрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле жаңы түптөлгөн “Каганат” футбол клубу Премьер-Лигада татыктуу күрөш жүргүзө алат деп ишенем”, - деди өз сөзүндө “Каганат Инвест” компаниясынын башкы директору Нурбек Осмонов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан