Коронавирус пандемиясына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бере турган маалымат жыйыны белгисиз себептерден улам болбой калды

Бүгүн, 12-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрмөк. Бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калды.

Жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп жарыялаганына байланыштуу Кыргыз өлкөсү кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат берилмек.

Ал эми маалымат жыйыны эмне себептен болбой калганы тууралуу министрлик комментарий бере элек.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берген.

Пандемия - дүйнөлүк масштабда адамдан адамга оңой жугуу аркылуу тараган оорунун жаңы түрү. Буга чейин кара тумоо (чума) жана холера пандемия деп жарыяланган. Инфекциялык оорунун жаңы түрү пайда болуп, ал бүтүндөй мамлекетке жайылып жана анын аймагынан чыгып кеткенде пандемия жаралат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2020-03-12 13:34:27
Качып жатышатда эч нерсеге даяр эмес
0
Paol
2020-03-12 15:08:10
Сабака баргысы келбеген окуучу сыяктуу эле болгон го
0
chake
2020-03-12 15:30:57
Коронавирус кыргыздан айланып отсун сүф сүф
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан