Кубатбек Боронов баш болгон ӨКМнын делегациясы иш сапары менен Орусияда жүрөт
Кыргызстан ӨКМсынын делегациясы Орусияда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш сапар 25-ноябрда башталып, бүгүн аяктамакчы. Ал эми кечээ күнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри В.Пучков жана Кыргызстандын ӨКМсынын башчысы К.Боронов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.