Премьер-министр “Инвестторгбанк” АКБсынын директорлор кеңешинин төрагасы В.Гудков менен Кыргызстанда аталган банктын филиалын ачууну талкуулашты

Бүгүн премьер-министр Ж.Сатыбалдиев “Инвестторгбанк” АКБсынын директорлор кеңешинин төрагасы В.Гудков менен жолугушту. Премьер-министр “Инвестторгбанк” АКБсынын филиалын Кыргызстанда ачуу маселеси боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Өкмөт бардык керектүү жардамды берүүгө даяр. Айыл чарба тармагы, кайра иштетүү өнөр жайы, инфраструктуралык долбоорлор, туризм жана сервис сыяктуу тармактарга инвестиция салууну сунуштайм",- деди өкмөт башчы. Жолугушуунун соңунда тараптар эң жакынкы аралыкта кызматташуу жөнүндө меморандум кабыл алуу жөнүндө макулдашты. 

Маалымат үчүн: АКБ “Инвестторгбанк” 1994-жылы март айында түзүлгөн. "Инвестторгбанк" – универсалдуу коммерциялык банк, экономика тармагынын кенен спектринде иштеген ар түрдүү формадагы ишканаларды жана уюмдарды, чакан жана орто бизнестеги компанияларды, жеке кардарларды тейлейт. "Инвестторгбанк" – Москва шаарынын өкмөтүнүн өнөктөш банкы болуп эсептелинет. Банктын капиталы 2012-жылдын 1-октябрына карата – 13 408 009 рубль, валюта балансы – 210 463 007 рублду түзөт.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан