Пол Уокердин каарманы "Форсаж" тасмасында кайра пайда болот

"Форсаж" тасмасынын финалдык бөлүмүндө Пол Уокер ойногон Брайан О’Коннер кайрадан чоң экранга кайтып келет. Бул тууралуу актёр Вин Дизель күйөрмандар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Пол Уокер тирүү эмес болгону менен, анын образы компьютердик графика жана бир тууганы Коди Уокердин жардамы менен кайра экранга чыгарылат.

"Финалда Доминик менен Брайанды кайра бирге көрөбүз",- деди Вин Дизель.

Ал финалдык тасмага тартылууга Universal Studios менен сүйлөшүп, үч шарт койгонун билдирди:

  1. Окуя Лос-Анжелесте өтүшү керек.
  2. Көчө жарыштарынын темасы кайтып келиши зарыл.
  3. Доминик Торетто менен Брайан О’Коннер чогуу болушу керек.

Бул шарттар кантип аткарылары азырынча белгисиз. Дизель бул тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Эске салсак, бул "Форсаж" сериясынын соңку бөлүгү болмокчу. Пол Уокердин образынын кайтып келиши - күйөрмандар үчүн чоң символикалык жана эмоционалдык мааниге ээ.

Маалымат үчүн: Пол Уокер "Форсаж" тасмасынын алгачкы алты бөлүгүндө башкы каармандардын бири болгон. Бирок 2013-жылдын 30-ноябрында унаа кырсыгынан улам (жогорку ылдамдыкта баратып) каза болуп калган. 7-бөлүктүн тартуулары жүрүп жаткан маалда анын образы бир тууганы Коди Уокер аркылуу жана CGI технологиясы менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан