Beeline өзүнүн абоненттери үчүн күнү-түнү акысыз түрдө иштеген, коронавирус маселеси боюнча тынымсыз байланыш кызматын уюштуруп жатат

Дүйнөдөгү татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу СкайМобайл компаниясы өзүнүн абоненттери үчүн күнү-түнү иштеген, COVID-19 вирусуна тиешелүү маселелер боюнча, тынымсыз байланыш телефонун уюштурду. Бүгүнкү күндөн тарта чалуулар *3202 номери аркылуу кабыл алынмакчы. Бул кызмат Beeline’дын учурдагы колл-борборунун негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемияга тиешелүү маселелер боюнча негизги телефондорун бир аз бошотуу максатында түзүлгөн.

Эгер абоненттин суроосу тереңирээк медициналык жоопту талап кылса, ал Beeline’дын тынымсыз байланыш телефонунан Саламаттыкты сактоо министрлигинин тынымсыз байланыш телефондорунун бирине багытталат. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин чалууларды кабыл алуучу негизги номери (0312) 32 32 02. Ошентип калкты эффективдүү түрдө маалымдоо жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин жеңилдетүү максатында, биринчи линиянын жардамы менен чалуулардын көбү Beeline колл-борборунун адистери тарабынан иштелип чыгат жана керектүү жерге багытталат. Тынымсыз байланыш кызматынын адистеринин консультациялары Beeline'дын абоненттери үчүн үч тилде жеткиликтүү болот: кыргызча, орусча жана өзбекче.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан