Beeline коронавирус кырдаалында өзүнүн абоненттерине кантип кам көрүп жатат?

Дүйнөдө жана Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан оор эпидемиологиялык кырдаалда Скай Мобайл компаниясы кардарларын жана кызматкерлерин коргоо үчүн алдын ала иштерди аткара баштады.

1. Компания өз ишин мурункудай режимде улантууда. Учурда компаниянын жарым кызматкерлери үйдөн иштөө графигине өткөрүлгөн. Бул жагдай кызматкерлерди коронавирустан алдын алуу үчүн жасалган. Бирок кызматкерлердин үйдө иштөөсү компаниянын иштөө сапаттуулугуна жана сатуу, тейлөө кызматтарына эч кандай таасир бербейт.

2. Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы көпчүлүк сатуу жана тейлөө жайлары жабык. Алар учурда "терезе" режиминде иштеп жатышат. Тактап айтканда, кызматкер менен кардарлар айнек тосулган терезе аркылуу иштешүүдө. Ал эми терминалдар толук кандуу иштеп, абоненттер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылышууда. Ар бир кеңседе бирден кызматкер нөөмөткө туруп, терминалдын иштөөсүн атайын көзөмөлдөөдө. Башкы тейлөө жана сатуу кеңсесинде кызматкерлер бет кап кийип иштеп жатышат. Алардын бөлмөлөрү убак-убагы менен дезинфекцияланууда. Ошондой эле ал жерге санитайзер коюлуп, дене табын өлчөөчү прибор (градусник) коюлган.

3. Beeline компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге өзүнүн абоненттери үчүн күнү-түнү 3202 номеринде иштеп жатат. Ал жакта атайын адистер чалууга келип түшкөн суроолорго жооп берет. Калктан вирус тууралуу келип түшкөн маалыматтарды кызматкерлер тийиштүү медициналык жайларга бөлүштүрүшөт.

4. Ошондой эле Beeline ыкчам байланыш номерлеринин тарифин өзгөрттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус боюнча штабынын байланыш номери: (0312) 66 06 63 жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин номери: (0312) 32 32 02.

5. Компания өлкөдөн тышкары активдүү роуминг режиминде жүргөн абоненттер үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин түз байланыш номерлерине болгон трафикти нөлгө түшүрүү менен кам көрүүдө. Ошондой эле компания абоненттер жакындары менен байланышты үзбөй туруу үчүн Кыргызстанга болгон чалууларга 30 мүнөт жана 1ГБ интернет которду.

6. Компания дарыгерлер сунуштаган нерселерди аткарууну, вирусту жуктуруп албаш үчүн колдон келишинче адамдар менен көпкө чогуу болбоону жана үйдөн чыкпоону эскертет. Төлөө чеги жөнүндө, балансты толуктоо үчүн эч кандай тынчсыздануунун кереги жок. Себеби компания аларды электрондук тиркеме аркылуу пайдаланууну сунуштайт. Ал үчүн сиз телефонуңузга Balance.kg тиркемесин көчүрүп алып, үйдөн чыкпай эле төлөмдөрдү, сатып алууну ошондой эле тамакка буюртма кылсаңыз болот.

7. Актуалдуу маалыматтар, сатуу жана тейлөө кеңселердин иштөө тартиби жана башка акыркы жаңылыктарды сиз beeline.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө кирип окусаңыз болот.

Скай Мобайл («Beeline СМ» соода маркасы) мобилдик оператору маалымдайт:
Компания, стратегиялык объект катары, ишин адаттагы көлөмдө улантууда, жана, учурдагы кырдаалга карабастан, Кыргызстандын жарандарын үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу максатына умтулат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан