Кыргыз Республикасынын аймагында коронавируска каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-чараларды колдоо алкагында, ошондой эле пандемияга каршы жарандык милдетти аткаруу негизинде "АКНЕТ" компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 1 миллион сом акча каражатын өткөрүп берүү чечимин кабыл алды.
Себеби "АКНЕТ" компаниясы бардык баскычтарда туруктуулукту сактоо, тилектештик жана колдоо өтө маанилүү экендигин жакшы түшүнөт.
"Жарандык милдет – бул кыйын кырдаалда жардам берүү. Ушундан улам, биз Саламаттыкты сактоо министрлигин жана эр жүрөк дарыгерлерди колдоп, кичине болсо да, оор вирусту жеңүүгө өз үлүшүбүздү кошууну туура көрдүк" – деп билдирди "Акнет" компаниянын жетекчилиги.
Толук маалымат компаниянын сайтында жеткиликтүү: bit.ly/aknet_news