Феликс Кулов парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагалык кызматынан кете турганын айтты
Депутат Феликс Кулов бүгүн ЖКдагы "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясынын төрагалыгынан кете турганын билдирди. Кулов мындай чечим кабыл алууга жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо таза өтпөгөнү себеп болгонун айтты. "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-намыс" фракциялары биргеликте таза шайлоо өткөрүүгө канчалык аракет кылса да, жыйынтык болгон жок. Мен өз билдирүүмдү көпчүлүк коалициянын атына жөнөттүм жана алар туура чечимге келет деп ойлойм" дейт Феликс Кулов.