Кытайда коронавирус менен жабыркагандардын 90 пайызы сакайды. Мындай маалыматты Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Анда дүйнөгө кулачын кенен жайып жаткан вирус Кытайда күн санап азаюуда. Учурда ооруканаларда 4 миң 735 адам калган. Бул Кытайда вирус жуктуруп алгандардын 90 пайызы сакайды дегенге барабар.
Бүгүнкү күнгө Кытайда 81 миң 498 адам вирусту жуктурса, 72 миң 819 адам сакайган. Ал эми каза болгондордун саны 3 миң 274кө жеткен.