Бүгүн өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 22-ноябрда өтө турган бул жыйын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жоопкерсиздигинин айынан ушул убакытка чейин жылдырылганын айтты. Ошондуктан саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага сөгүш жарыялап, айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге эскертүү берди. “Мамлекеттик жооптуу кызматта иштеген кызматкерлердин тартиби жогорку деңгээлде болушу кажет” деген өкмөт башчы өкмөттүн жыйынында карала турган маселелер боюнча материалдардын баары өз убагында өткөрүлүшү керектигин белгиледи.