Beeline тармактын кубаттуулугун жогорулатууда: өлкө боюнча 50 жаңы 4G станциялары орнотулду

Өлкөгө өзгөчө абал режими кирген шартта Beeline калкка үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланышты камсыздоону биринчи милдети катары көрөт. Мындан тышкары бир катар чалууларда жаралган көйгөйлөр болгон аймактардын баарына сапаттуу интернетти жеткирүү иштери аткарылды.

Абоненттерди мурункудан да сапаттуу тейлөө менен камсыздоо үчүн компания тармактын сыйымдуулук зоналарын кеңейтти. Бул үчүн өлкө аймагына 4G LTE базалык станцияларынан кошумча 50нү орнотту.

Beeline компаниясынын техникалык кызматкерлери негизги иш-аракеттерин Кыргызстандын түштүк аймагына - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына багыттады.

  • Жалал-Абад облусу: Ала-Бука, Бүргөндү, Курулуш, Кегарт, Таштак, Жалгыз-Жаңгак, Курманбек, Коминтерн, Катар-Жаңгак айылдары,
  • Ош облусу: Ош шаары, Ак-Кыя, Борбаш, Кызыл-Булак, Жийде, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кичик, Коңурат, Карамык, Кызыл-Дыйкан, Мангыт, Ак-Терек, Арбын, Шоро-Башат, Токбай-Талаа, Таш-Коргон, Тескен-Кожоке айылдары,
  • Баткен облусу: Арка, Суу-Башы айылдары, Ак-Суу айыл өкмөтү, Чек, Чоң-Талаа, Жаңы-Жер, (Дара айыл аймагы) Кара-Булак, Кыргыз-Кыштак айылдары,
  • Чүй облусу: Аламүдүн району - Ала-Арча капчыгайы жана Кордай айылы, Ысык-Ата району Бирдик айылы Рот-Фронт айылы,
  • Ысык-Көл облусу: Балыкчы шаары жана Аксу району.

Beeline'дын 4G/3G/2G тармактары менен камсыздалган жайлардан толук картасын https://beeline.kg/ru/4g бул шилтеме аркылуу тапсаңыз болот.

Beeline эскертет: бүтүндөй өлкө боюнча жөнөкөй эмес учурда жакындарыңыз сизден алыс болгонуна карабай байланышта болгонуңуз маанилүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан