Кыргыз Республикасында сасык тумоо жана аллергиялык ооруларынын статистикасы эки эсе өстү

Өлкөдө сасык тумоо жана аллергиялык ооруларынын статистикасы эки эсе өстү. Бул кайгылуу статистиканы Бишкектин экологиялык абалына байланыштырса болобу? Ушул жана башка суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оору-сыркоолордун алдын алуу департаментинин санитардык дарыгери Гүлнара Сарыева жооп берет.

- Гүлнара Аламовна, Бишкекте катаал экологиялык кырдаал түзүлдү десек болобу?

- Жалпы жолунан, түзүлдү десек болот. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, өлкөбүздүн абасында зыяндуу заттардын үлүшү кыйла жогорулаган. Кыргызстанда гигиеналык норматив бар, ага ылайык, атмосферадагы заттардын үлүшү тиешелүү өлчөмдө гана болушу керек. Бирок текшере келгенде абадагы заттардын үлүшү кыйла өсүп кеткенин байкап жатабыз.

- Айтыӊызчы, экологиялык көйгөйлөр биздин жарандарыбыздын ден соолугуна таасир тийгизеби?

- Ар бир адамдын ден соолугу анын иммунитетине көз каранды. Биз Бишкек шаарынын тургундарынын оору-сыркоолоруна анализ жүргүздүк, салыштыруу үчүн 2013-жылдын жана 2017-2018-жылдардын маалыматын алдык. 14 жашка чейинки балдардын нозологиялык формадагы оору-сыркоолорунун көбөйгөнүн байкадык. Бул коркунучтуу статистика – балдарда дем алуу органдарында оорунун жаӊы түрлөрү, тери оорусу, тери алдындагы клеткалар оорусу пайда болгон. Коко астмасы, аллергиялык ринит менен сыркоологондордун саны өстү. Буга таасир этүүчү факторлордун бири так ошол Бишкектеги жагымсыз экологиялык абал болушу мүмкүн. Катуу заттардын абадагы санынын көбөйүшү, чаӊ адамдын организмине таасир этип, аллергиялык ринит, астма жана башка ооруларга алып келиши ыктымал.Чоӊдордун арасында дем алуу органдары жана сасык тумоо боюнча статистика 1,2-2 эсе, аллергиялык ринит 1,3 эсе өсүп, онкологиялык оорулардын саны да бир аз жогорулаган.

АЛЫП ЧЫГУУ

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына ылайык, 2013-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта жаӊыдан ооругандардын саны республиканын 100 миӊ калкына карата 80,4төн 109,6га чейин өскөн. Дем алуу органдарынын сыркоосу менен кайрылгандардын саны 33 миӊ 605,3төн 44 миӊ 730,2 чейин өскөн. Сасык тумоо менен ооругандардын саны 15 эсе – 26 миӊ 399,3төн 38 миӊ 477,6га чейин өсүп, аллергиялык ринит 2013-жылы 205,5 болсо, 2018-жылы 418,6га чейин жогорулаган.

14 жаштан улуу өспүрүмдөр жана чоӊдор жөнүндө сөз кылсак, төмөнкү оорулардын саны өскөнү байкалган (2013 жана 2018-жылдар 100 миӊ калкка карата):

  • Дем алуу органдарынын сыркоосу – 9 миӊ 282,7ден 12 миӊ 730,1ге чейин;
  • Жогорку дем алуу органдарынын курч респиратордук инфекциясы – 6 миӊ 436,4төн 10 миӊ 304кө чейин;
  • Аллергиялык ринит – 147,3төн 253,2ге чейин;
  • Бронхиалдык астма – 20,7ден 45,9га чейин.

- Бирок оору-сыркоонун негизги себеби болуп абанын булганышы күнөөлүү деп так айта албайбыз, себеби бул гипотезаны тиешелүү изилдөөлөр менен далилдеп, ал изилдөөлөрдү бир нече жыл жүргүзүү керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан