Талас. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ысык-Көлдө дарыланып келишти

Таластагы мүмкүнчүлүгү чектелген 10 бала  Ысык-Көл облусундагы  Ак-Суу районунун Ак-Суу курортунун балдарды реабилитациялоо бөлүмүндө 10 күн дарыланып келишкен. Балдардын жол кирелери жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөндү. Ал эми калганы ата-энелери тарабынан каржыланды. Бул маалыматты Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Кыдырбаева Турсун Жумабековна берди. “Буюрса, келерки жылда да бул жөрөлгөнү улантмакчыбыз” дейт ал. Белгилей кетчү нерсе, Ак-Суу курортундагы ысык суу бир топ дарылык касиети менен өлкөгө таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан