Карантин маалында көпчүлүк адамдар көзүн ачып эле дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды окууга шашылып жатканы белгилүү иш. Анан албетте, жаңылыктарды ачканда эле коронавирус илдетинен кайсы өлкөдө канча адам көз жумуп, канча адам илдетти жуктурганы тууралуу маалыматтар чыгып калат.
Бул жаңылыктарды окуган бардык адамдарда өзү, балдары жана жакындары үчүн сарсанаа, аларды ойлоо сезими орун алат. Бирок эгерде адам көп убакыт ошол сезим менен жүрсө, ал тууралуу кечке ойлонсо, психикалык ар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүн.
Белгилүү Флорида эл аралык университетинде эмгектенген Лизи Маквид адамдарды төмөндөгү 7 кеңешке кулак түрүп, ден соолугуна кам көрүүгө чакырат:
1. Жаңылыктарды окубай коюу мүмкүнбү?
Сиз жаңылыктарды окубай коё албайсыз. Бирок сиз аларды окуп жатканда ойлонуңуз, ушул жаңылык канчалык деңгээлде маанилүү? Ушул жаңылык сиздин жашооңузга өзгөртүү киргизе алабы? Жаңылык окуу сизди жакшырта алабы?
Эгерде акыркы жаңылыктар менен кабардар болуп туруу сизге манилүү болсо жаңылыктарды иргеп окуңуз, бүт жаңылыкты окуй бербеңиз. Өзүңүзгө керектүү гана жаңылыктарды бөлүп алыңыз. Ишеничтүү жана дайыма окуй турчу 2-3 маалымат булакты аныктап алыңыз. Байкоо жүргүзүп, кандай жаңылыктар сизге жаман маанай тартуулап жатканын билиңиз. Бул кайсы бир басылма же социалдык тармакта дайыма негативдүү жаңылык бөлүшкөн досуңуз болушу мүмкүн. Андай адамдарды достуктан өчүрүп койгон жакшы, керектүү маалыматтар менен бөлүшкөн адамды кошуңуз.
2. Мен коронавирус жуктуруп алган болсомчу?
Эгерде сизде оорунун белгилери бар болсо тиешелүү мекемелер таратып жаткан көрсөтмөдөгүдөй иш-аракеттерди жасоо зарыл. Ал эми белгилер байкалбай деле сиз ооруп калышым мүмкүн деген ойдон арыла албай жатсаңыз, сиз оору менен эмес ал жөнүндө болуп жаткан ой менен күрөшүүңүз керек. Жакшы нерселерди ойлоңуз.
Сиздеги бул илдеттен дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар өлүп калышы мүмкүн деген коркуу сезими, бул коркуу эмес кыжаалат болуу. Сиз чексиз фантазияңыз аркылуу өзүңүздү ушул абалга дуушар кылып жатасыз. Сиз ойлоп жаткан нерселерге сырттан көз салганга аракет кылыңыз, ошондо гана сиздин айрым ойлоруңуз кандай күлкүлүү жана акылга сыйбай тургандыгын билесиз.
3.Эгерде баарыбыз өлүп калсакчы?
Өлүмдөн коркуу табигый көрүнүш. Бирок өлүм бар экенин эч ким тана албайт эртеби же кечпи адам акыркы сапарга узайт. Андыктан бул нерсени кабыл алыш керек. Бүткүл дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму билдиргенине таянсак, коронавирустан көз жумгандардын саны 3,4 пайызды түзөт. Мындан улам адамдардын баары коронавирустан каза болот деген ой жаңылыштык.
Эгерде сизге эч кандай статистика жардам бербей жаткан болсо жана өлүм жөнүндө ой башыңыздан кетпей жаткан болсо, психотерапевтке кайрылышыңыз керек. Азыркы учурда пандемияга байланыштуу өтө көп тынчсызданып жаткан адамдар, бул абалды сабырдуу кабыл алып, өзүн оор басырыктуу алып жүргөн адамдар менен көбүрөөк баарлашуусу керек.
4. Мен карантиндин эрежелерин сактабаган жакындарыма кабатыр болуп жатам? Мен аларга кантип таасир эте алам?
Эң алгач сиздин колдон эмне келет жана сиздин таасир этүүңүздүн чеги каяктан токтойт? Алгач дал ушул суроолорго жооп алыңыз. Азыркы тапта сиз жакындарыңыз үчүн кыла ала турчу нерсеңиз бул аларга коронавирус тууралуу так, туура маалымат берип, эрежелер тууралуу эскертип коюу керек. Алар кандай иш-аракеттерди көрөт өздөрү билишет. Эгерде бардыгы сиз каалагандай болбой жатса, сиз жөн гана ал нерсени кабыл алганга аракет кылыңыз. Анткени сиз колдон келген нерсени жасадыңыз.
5. Илдет тууралуу көп ойлонуп, кабатыр болуп жаткан адамга кантип колдоо көрсөтсө болот?
Мындай учурда адамдын жанында боло албасаңыз да аны телефон чалып же видео чалуу аркылуу колдоо керек. Эң негизгиси ал кандай гана нерсе айтпасын аны дароо сындаганга шашылбаңыз. Алгач анын жан дүйнөсүндө, оюнда болуп жаткандарды толук угуңуз. Эгерде адам сизге суроо берип, кеңеш сураганда гана жооп берип, өз оюңузду билдириңиз. Мындай учурда "Албетте, сен коркуп жатасың, анткени бул оорудан адамдар көз жумуп жатат. Бирок..." андан ары фактыларга таянган аны жоошута турчу маалыматтарды айткан оң.
6. Вирустун айынан маанилүү иштерим бүтпөй калды, эми эмне кылам?
Сиз болуп жаткан нерселерди өзгөртө албайсыз, бирок сиз аларга болгон мамилеңизди өзгөртө аласыз. Кандай гана иш болбосун аны жылдырууга мүмкүн, ал эми карантинди азыр баштан өткөрүү керек. Кандай гана окуя болбосун андан жакшы жактарын көргөнгө аракет кылыңыз.
7. Пандемия канчага созулат? Турмуш кандай уланат?
Жашоону алдын ала божомолдоп болбойт. Эми эмне болот? Пандемия качан бүтөт? сыяктуу суроолорго жооп таба албай убара болуп жаткан адамдарга кеңеш. Отуруп алып башыңыздан өткөн кыйын күндөрдү, ошондо болгон сезимдерди эстеңиз. Андан соң сиз ал абалдан кантип чыкканыңызда ойлоңуз. Ал күндөр да өткөн. Демек, бул күндөр да өтөт.
Эгерде сиз өзүңүздү колго ала албай, ар кандай ойлорго батып жаткан болсоңуз, атайын адистен кеңеш алуудан уялбаңыз. Бул азыркы учурда болчу кадыресе көрүнүш.