О! мобилдик оператору дистанциондук окутууда мугалимдер менен окуучуларды колдойт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу абал дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоо-турмушун түп-тамыры менен өзгөртүп жатат. Бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрүн карантиндин катаал чараларын алууга мажбурлоодо, балдарыбыздын билим алуу процесси да кошулган бир катар нерселерге көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Коронавирустун жайылышын токтотуу максатында 30га чукул өлкө мектептерин жапты, ар тараптан билим берүү тутумунун трансформация процесси жана онлайн дистанциондук окууга масштабдуу түрдө өтүү толук кандуу жүрүп жатат.

2020-жылдын 25-мартында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирустун жайылышын азайтуу максатында өлкөнүн жогорку жана орто-кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун дистанциондук ыкмаларын уюштуруу боюнча буйрук чыгарды.

Ошентип 2020-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргызстандын мектептери төртүнчү чейректи дистанциондук форматта башташат. Сабактарды өтүүгө активдүү даярдыктар көрүлүүдө, онлайн-сабактар иштелип чыгууда, электрондук окутуучу программалар даярдалууда, КРдин билим Берүү жана илим министрлиги видео-сабактардын даярдалып жаткандыгы жана жакынкы күндөрдө телевидение аркылуу көрсөтүлө баштай тургандыгы тууралуу маалымдады.

Өлкөнүн башына келген бул татаал мезгилде О! Мобилдик оператору мугалимдер менен окуучуларды толугу менен колдоону жана аларга ыкчам жардам берүүнү чечти.

АКЫСЫЗ «МУГАЛИМ 200» ТАРИФИ

Мугалимдер абдан оор абалга дуушар болушту. Күтүлбөгөн шарттарда балдарды окутуу милдети азыркы оор шаттарда аларды алдыңкы катарда иштеп жатышкан дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен бир катарга коюп койду.

О! Мобилдик оператору дистанциондук окутууну колдоонун алкагында Кыргызстандын Мугалимдерин 2 айга акысыз мөөнөт менен атайын «Мугалим 200» тарифтик планы менен камсыздайт. Тарифтик планы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Айына 40 ГБ мобилдик интернет;
  • КРдин башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн айына 100 мүнөт;
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS;Тапшырмаларды алмашуу, сабактарды жана видеосабактарды текшерүү үчүн ЧЕКСИЗ Google Classroom, WhatsApp, Telegram, Skype жана ZOOM;
  • O!TV тиркемесиндеги атайын «O!TV Окутуу» билим берүү топтомуна акысыз кирүү;

«Мугалим 200» атайын тарифтик планы ар бир мугалимге дистанциондук окутуунун заманбап технологияларын колдонуусуна жана толугу менен эркин даярдануусуна мүмкүнчүлүк берет.

О!TV КАНАЛДАРЫНЫН АКЫСЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ ТОПТОМУ

О! түйүнүнүн бардык абоненттерине жана окуучуларга 2020-жылдын 8-апрелинен тартып, O!TV тиркемесинде КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин онлайн-видео-сабактары көрсөтүлө турган билим берүү телеканалдары бар «O!TV Окутуу» атайын топтому АКЫСЫЗ жеткиликтүү болот:

  • ЭлТР каналы «Билим Илим»,
  • КТРК «Баластан» каналы.

Каналдардын тизмеси видео-сабактар коюла баштагандан тартып толуктала баштайт.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК САЙТТАРГА АКЫСЫЗ КИРҮҮ

Окуучулар жана О! түйүнүнүн бардык абоненттери окуучуларды тыштан окутуу үчүн материалдар менен программалар жайгаштырыла турган КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин веб-сайтын колдонгон учурда интернет-трафик нөлгө түшүрүлөт:

  • OKU.EDU.GOV.KG

Мындан тышкары, карантин учурунда О! түйүнүнүн бардык абоненттери өлкөдөгү коронавирус абалы боюнча бир катар билим берүү жана маалыматтык ресурстарды колдонгон учурда интернет-трафик нөлгө түшүрүлөт:

  • lib.kg
  • kitep.edu.gov.kg
  • okuma.kg
  • moodle.inai.kg
  • ibilim.kg
  • covid.gov.kg
  • covid.kg
  • hidoctor.kg
  • virus.el.kg
  • 103.gov.kg
  • bizdin.kg
  • inai.kg
  • digiskills.kg

МУГАЛИМДЕР КАНТИП КОШУЛАТ?

«Мугалим 200» акысыз тарифине кошулуу орто билим берүү мекемелеринин жетекчилиги менен мугалимдеринин сурамдарына ылайык, О! Мобилдик оператору тарабынан борборлоштурулуп ишке ашырылат.

«Мугалим 200» социалдык тарифине кошулуу үчүн сурамдарды жол-жоболоштуруу үчүн mugalim@nurtelecom.kg электрондук дарегине же WhatsApp 0705 000 200 номерине мектептин номери, мугалимдердин ФАА, паспорт маалыматтары жана мүмкүн болсо учурдагы колдонуп жаткан мобилдик номерлери менен бирге тизме жөнөтүү керек.

О! абоненттери болгондорго тизмеде көрсөтүлгөн мобилдик номерлер боюнча учурдагы номерине акысыз тариф дистанциондук түрдө акысыз кошулат. Ал эми О! түйүнүнүн номерлери жокторго 2 айга «Мугалим 200» акысыз тарифи менен жаңы SIM-карталар берилет.

Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин мугалимдер үчүн тарифтин абоненттик төлөмү айына болгону 200 сомду түзөт. IV чейректин башына, башкача айтканда, 8-апрелге карата бардык облустардын мугалимдерин камтуу пландаштырылып жатат.

Былтыркы жылы О! операторунан 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу бир кыйла өскөн жана бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 97%ынан ашуунун камтыйт. Бул жалпы ЕАЭБ мейкиндигиндеги рынок боюнча өнөктөштөрдүн арасындагы мыкты көрсөткүч болуп саналат.

Бизнестин жана билим берүү секторунун биргеликте иш алып баруусунун натыйжасында, Кыргызстандын бардык мектептеринде дистанциондук окутууну уюштуруу боюнча берилген ыкчам тапшырма кыска мөөнөттүн ичинде ийгиликтүү чечилерине ишенебиз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан