Чек арадан документи жок өзбекстандык 3 жаран кармалды
Баткендин "Айдаркен" чек ара бекетинен жанында документи жок өзбекстандык 3 жаран кармалды. 28-августта Чек ара кызматы кабарлагандай, кармалгандар УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тийиштүү документтер толтурулду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.