#ЛюдиПомогаютЛюдям. Santo кооптуу абалда иштеп жаткандарга жардам көрсөткөн челленж баштады

Инстаграм баракчада #ЛюдиПомогаютЛюдям хештеги менен жаңы челленж башталды. Акциянын инициатору Santo фармацевттик компаниясы өзүнүн Инстаграм баракчасына ири компанияларды катарга кошулуп, COVID-19 вирусу менен күрөшүп жаткан кооптуу топко жардам көрсөтүүгө чакырган билдирүү калтырган.

Santo компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү дарыгерлерди жумушка ташуу боюнча транспорт уюштурду

Компания кыйын кырдаалда кыргыз эли үчүн буга чейин деле жардамын көрсөтүп келген. "30-марттан тартып 2 апта бою 25-30 адамдык 7 автобус медицина кызматкерлерин ташыйт. Биз маршруттук баракчаны иштеп чыгып, шаар ичинде жүрүүгө тиешелүү уруксатты алдык", - дейт компаниянын өкүлү. "Учурдагы кырдаалда калк жана медициналык кызматкерлер кандай жардамга муктаж болсо, баарын караштырып жатабыз. Алгач медициналык бет кап жетишпей, муктаждык көп болгон (анда компания 15 000 бет кап тараткан), эми болсо өз ден соолугун тобокелге салып, коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан дарыгерлерге жардам керек. Биз медициналык мекемелерди максималдык түрдө камтыган 7 маршруттук багытты түзүп чыктык. Транспортторду ижарага алып, керектүү каражат менен камсыздадык. Бизде медицина кызматкерлеринин базасы бар болчу, андыктан тизмени түзүү маселе жараткан жок. Баарынан кыйыны, уруксат кагазын алуу болду. Биз учурда 300-400гө чейин дарыгерди транспорт менен камсыздадык жана жакшылык эстафетасын башкаларга узатсак болот. Анткени биринчи кезекте адамдар адамдарга жардам берет эмеспи", - деп компаниянын өкүлү маалыматты кошумчалады.

Ошондой эле компаниядан Кыргыз жарандарына жардам берүү менен башкаларга мотивация бере алышарын билдиришти. "Ыктыярчылар азык-түлүк, дары-дармек менен жардам беришүүдө. Ошол эле учурда компания тарабынан мамлекетке каржылык жардам көрсөтүлүүдө. Өз кезегинде Santo фармацевттик компаниясы каржылык колдоону реалдуу аракет менен ишке ашырды. Жеке ишкерлер мындай учурда четте карап тура албайт жана карап турбашы керек. Андыктан компания башка бизнес өкүлдөрү #ЛюдиПомогаютЛюдям челленжине позитивдүү карап, колдосо кубанычта болот", - дейт өкүл.

Баарыбыз биригип, абалды жакшырта алабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан