"Керемет Банк" менен каалаган учурда 30 мамлекеттик маалымат каттарын алыӊыздар

"Керемет Банк" Кыргызстандын каржы базарындагы санариптик технологияларды колдонуунун туу көтөрүүчүлөрүнүн бири катары кайталангыс тейлөөнү (өлкөдөгү карантиндик иш-чаралар шарттарында өтө талап кылынган) – мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү боюнча онлайн-аянтчаны ишке киргизет.

Marketplace-платформасы – бул өз сегментиндеги инновациялык тиркеме, ал азыркы учурда кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында ар түрдүү багыттар боюнча 30га чейинки расмий мамлекеттик маалымкаттарды берүүгө жол ачат:

  • унаа жана айдоо (унаа каражаттары, айдоочулук күбөлүктөр, айып пулдар жана башкалар жөнүндө расмий маалыматтар);
  • паспорт жана күбөлүктөр (паспорттук маалыматтар, даректик катталуу, табылгалар бюросу жана башкалар жөнүндө маалымкаттар);
  • жумуш, пенсия, салыктар (бюджетке төлөмдөр, пайда болгон карыздар боюнча маалыматтар, жумушсуз макамы жана башкалар жөнүндө маалымкаттар);
  • медицина жана камсыздандыруу (ММК боюнча камсыздалгандык, ММК полистери боюнча карыздар, ММК полистерин алуу жана төлөө жана башкалар жөнүндө маалымат);
  • кыймылсыз мүлк (кыймылсыз мүлккө болгон укук жөнүндө, мүлккө болгон укуктун тарыхы жөнүндө мамлекеттик реестрден көчүрмө, кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү жана башкалар);
  • билим берүү (жогорку жана орто билим жөнүндө дипломдорду текшерүү);
  • үй-бүлө жана балдар (үй-бүлөлүк макам жөнүдө маалыматтар, асырап алуу укугуна маалымкаттар, асырап алууга арыздар жана башкалар).

Жогоруда аталган документтердин баары электрондук форматта саналуу секундда жана көпчүлүгү дээрлик акысыз берилет. Тандалган кызмат көрсөтүүнү активдештирүү үчүн шилтеме (https://services.keremetbank.kg/#/) боюнча кирүү жана жекече идентификациялык номериӊизди (ИНН) киргизүү керек, ал эми акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үчүн "Керемет Банктын" интернет-банкингин туташтыруу талап кылынат, ал төлөмдөрдү өз алдынча жасоого жардамдашат.

  • "Бир нече жылдан бери биздин банк digital багытында ишенимдүү өнүгүүдө, - дейт "Керемет Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Алыбаев. – Объективдүү түрдө бүгүнкү күндө бизде базардагы эӊ ыӊгайлуу интернет-банкинг жана мобилдик тиркеме бар, алардын жардамы менен 200гө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө болот. Ал эми бул долбоорду толук укукта банктык жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, берилген учурда "Керемет Банктын" жана "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумунун мүмкүнчүлүктөрүнүн санариптик коллаборациясынын ийгиликтүү мисалдарынын бири деп атоого болот".

Алдыда "Керемет Банктын" marketplace-платформасындагы жеткиликтүү сервистердин тизмеги көбөйө турган болот. Андан ары өнүктүрүү боюнча мерчемдерде кардарларды автоматтык түрдө онлайн-насыялоо мүмкүнчүлүгү бар бизнесмендер үчүн кошумча сатуулар каналын жана сатып алуучулар үчүн товарлардын кеӊири тизмеси бар интернет-дүкөндү ишке киргизүү турат.

Эгерде сизде ушул долбоор же банктын башка кызмат көрсөтүүлөрү боюнча суроолор жаралса, "Керемет Банктын" байланыш борборуна (0 312) 55-44-44 телефону боюнча кайрылыӊыз же call-center@keremetbank.kg кат жазыӊыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан