Биргеликте вируска каршы! Elite House жардам көрсөтүүдө

Мурда белгисиз болгон вирус тарап, өлкөдө татаал эпидемиологиялык кырдаал жаралды. Мындан улам бүгүнкү күндө Кыргызстан илдетке каршы бир муштумдай бирикти. Жөнөкөй бизнесменден тартып мамлекеттик башкаруучуларга чейин. Elite House компаниясы жалпы социалдык жоопкерчиликти сезүү менен бир нече багытта жардам көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күндө керектүү жардамдын негизги бөлүгү муктаж болгон жарандарга жана инфекциянын жайылуусунда биринчи соккуну өзүнө алган түзүмдөргө, кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.

Компания 500 даана атайын коргоочу костюмдарды ӨКМнын, укук коргоо органдарынын жана медицина кызматкерлерине өткөрүп берди.

Акциянын алкагында санитардык шаймандардын коргоочу костюмдарды, бет капты, антисептиктерди камтыган топтомун, Бишкек мэриясы менен биргеликте төрт райондун жетекчилигине тапшырылды.

Ар бир районго 50 коргоочу костюм, 300 даана бет кап жана 20 литрден антисептикалык каражат (колду тазалоочу, дезинфекциялоочу атайын каражат) берилди.

Кызыл жарым ай коому менен биргеликте муктаж болгон 450 үй-бүлөгө азык-түлүктөр жеткирилди.

Жардам көрсөтүү жана колдоо штабы менен биргеликте дагы 500 баштык азык- түлүктөр эң зарыл болгондорго таратылды.

Муну менен катар "Ветераны 365", аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо фонддоруна азык- түлүктөр өткөрүлүп берилди. Алар даректерине ыктыярчылардын жардамы менен жеткирилет.

Elite House компаниясы өзүнүн кардарларына да жардам көрсөтүүнү унуткан жок. 29-марттан баштап бардык объектилерде атайын каражат менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Мындай аракеттер 5 турак жай комплексинде өткөрүдү: “Ала-Тоо”, “Максимум”, “Триумф”, “Южный парк”, “София”.

Elite House өзгөчө абал толук бүткөнгө чейин муктаж болгондорго жардам берүүнү улантат. Эртең дагы 500 баштык азык-түлүктөр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилет.

Санитардык шаймандардын кийинки топтому Саламаттыкты сактоо министрлигине, "Тез жардам" өкүлдөрүнө жана Эндокринологиялык борборго өткөрүлүп берилет.

Кошумча 100 атайын коргоочу костюмдар Ички иштер министрлигинин кызматына жана өлкөнүн COVID-19 боюнча башкы штабынын ыктыярчыларына берилет.

Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Elite House курулуш компаниясы дагы, медициналык кызматкерлерге жана жардамга муктаж адамдарга азык-түлүктөрдү жеткирүү үчүн 1 миң литр күйүүчү-майлоочу майларды (бензинди жана дизелди) берет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан