MegaCom дистанциялык окутуунун өнүгүшүнө жардам берип жатат. "Нуртелеком" эмнеге нааразы?

Жаңы коронавирус инфекциясынын Кыргызстанда да аныкталганына байланыштуу өлкөдөгү мектеп окуучулары 13-марттан тартып пландалбаган каникулга тароого аргасыз болушту. Эки аптадай окуучуларга билим алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Муну менен катар эле алар бул аргасыздык "каникулу" качан бүтөт, кайрадан качан кадимки мектеп коңгуроосу кагылат деген суроолордун жоопторун ала албай жатышты.

Пандемия шартына ылайык, өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларына динтанциялык билим берүү процессин жайылтуу боюнча планды иштеп баштады. Бул ишке MegaCom мобилдик байланышы кол куушуруп карап тура алган жок. Ыкчам түрдө MEGA24 тиркемесин жана анда 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларга арналган атайын "Мектеп" бөлүмүн иштеп чыгып ишке киргизди.

"Педагогдорго жана окуучуларга билим берүү контентине жеткиликтүү линия ачып берүү демилгеси менен бизге MegaCom компаниясы кайрылды. Mega24 тиркемесинин базасында оператор "Мектеп" деген бөлүмдү ишке киргизди. Ал жактан мектеп окуучулары видео сабактарды, керектүү окуу китептерин, тесттерди таба алат жана жалпы эле онлайн-билим берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алат. Мындан тышкары биз мектепке даярдоо класстарынын балдарын "Наристе" программасы боюнча онлайн окутабыз", - дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Долбоорду иштеп чыгуу олуттуу иштер менен коштолду. Аны тез аранын ичинде иштеп чыгуу, бардык билим берүү контенттерин санариптештирүү жана кыргыз, орус, өзбек тилдеринде аралыктан окутула турган видео сабактарды видеого тартуу керек болду. Ушул тапта MegaCom'дун кеңсесинде күн сайын сабактар видеого тартылып жатат.

Буга чейин жүргүзүлгөн макулдашууларга ылайык, мектепке даярдоо класстарынын жана 1-2-3-4-класстын окуучулары үчүн даярдалган видеоконтент "Баластан" телеканалынан көрсөтүлөт. 5-класстан 11-класска чейинки окуучулардын видео сабактары "ЭлТР" телеканалынан ("Илим Билим" көрсөтүүсү) көрсөтүлөт. Мындан тышкары "Пирамида", "5-канал" жана "Санат" телеканалдары да көрсөтүүгө көмөктөшөт. Даярдалган видео сабактарды интернеттен - жогоруда аты аталган телеканалдардын YouTube-каналдарынан да көрүүгө мүмкүн.

Өмүровдун айтымында, мектеп окуучуларын онлайн окутуу 8-апрелде башталат.

Билим берүү процессинин алгоритми төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

* мугалимдерге жана окуучуларга видео сабактарды ТВ-каналдардан же интернеттен көрүүгө шарт түзүлөт;

* мугалимдер балдар менен мессенжерлер аркылуу байланышып, тапшырмалар берилет;

* окуучу аткарган тапшырмасын кайра эле мессенжер аркылуу мугалимге жөнөтөт;

* мунун жыйынтыгы менен мугалим окуучуга баа коё алат, муну менен төртүнчү чейректи чыгарууга шарт түзүлөт.

Коронавирус пандемиясы шартында окуу процессин уюштуруунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен телеком-оператор бул долбоордун алкагында болуп көрбөгөндөй зор иш жасады. Тагыраагы, дистанциялык онлайн-билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн акысыз интернет менен камсыздады. Бардык эле окуучуларда интернетке кирүүгү мүмкүнчүлүк жок экенин эске алганда бул абдан актуалдуу кадам болду.

Мындан тышкары, педагогдор, мектеп окуучулары MEGA24 жана WhatsApp тиркемесин толук түрдө акысыз пайдалана алышат. Компания өз ыктыяры менен өлкөдөгү орто мектептердин мугалимдерин - 80 миң мугалимди акысыз SIM-карта менен камсыздай баштады. Бул SIM-карталарды алган мугалимдер ар дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биринчилерден болуп Кант шаарындагы Дмитрий Зубков атындагы №1 гимназиянын мугалимдери SIM-карталарды алышты.

"Дистанциялык билим алуу" долбоорунун алкагында оператор биздин мектептин мугалимдерин SIM-карталар менен камсыздады. Бардык педагогдор "Мугалим 50" тарифтик планына кошулду. Бул бизге билим берүү процессин өздөштүрүп кеткенге, окуучулар, алардын ата-энелери менен кайра байланыш түзүүгө өбөлгө болду. MegaCom компаниясына өз учурунда демилге көтөрүп, ушул иштин баарын аткарып жатканы үчүн ыраазыбыз. Ушул аракеттердин натыйжасында төртүнчү чейрек үзгүлтүккө учурабайт, биз бул окуу жылын да ийгиликтүү аяктай алабыз", - деди гимназиянын директору Замира Сыйналапова.

Бүгүнкү күндө компания окуучуларга да акысыз SIM-карта берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Эмне себептен MegaCom дистанциялык билим берүү механизмдерин калыптандыруу үчүн мамлекетке жардамдашып жатат? Мына ушундай суроо менен журналисттер MegaCom'дун коммерциялык директору Бакытбек Өмүракуновго кайрылышты.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MegaCom соода маркасы) коммерциялык гана эмес, социалдык жоопкерчиликтүү компания экенин эске алуу керек. Биз ар бир абоненттин өтүнүчтөрүн угууга, өзүбүздүн мекендештерди оор кырдаалга таштап койбоого аракет жасайбыз. Ушул учурда колдоо абдан маанилүү экенин түшүнгөн MegaCom компаниясы мамлекеттик бул демилгени ишке ашырууга колун сунду. Мындай кадам калктын социалдык муктаждыгын канааттандырууга жумшалган жардам.

Ар бир кыргызстандыктын интернетке кирүүгө шарты жок экенин түшүнүп, биз Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Анда өлкөдөгү онлайн-окутуу механизмин ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү, мугалимдерди акысыз байланыш жана интернет менен камсыздоону сунуштадык. Мугалимдерди "Мугалим" тарифине кошуу менен биз бюджеттик негизде иштеген бул мугалимдердин билим берүү сферасында алектенишине жардам берүүнү максат кылдык. Дал ушул иш-аракеттер мамлекетке чыныгы жардам боло турганын көрүп жатабыз, буга байланыштуу башка бизнес уюмдарды бизден үлгү алып, өлкөнү, өкмөттү колдоп, жардамга муктаждарга жардамга колун сунууга чакырабыз", - дейт Өмүракунов.

Ошол эле учурда биздин коомдо көп учурда болуп келгендей эле долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик оператордун күчү жетпейт деген "ыктыярчылар" чыкты. Ар кайсы булактарда долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында интернет жеткиликтүү аймактар аз, мамлекеттик оператордун кубаттуулугу чектелүү деген маалыматтар жазылып жатты. Ооба, сөз - бул жакшы, а бирок статистика андан мыкты.

Байланыш боюнча агенттиктин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-кварталында интернетке 5 миллиондон ашык кыргызстандык жетки алды. Ал эми интернет жеткиликтүү болгон аймактар өлкөнүн 78 пайызын ээлейт. Эми бир жыл ичинде бул көрсөткүчтөр жакшы жагына дагы өзгөрдү деңизчи. Себеби өлкөнүн телеком-операторлору, анын ичинде MegaCom компаниясынын операторлору тутумду адистер модернизациялоо жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатышканын билдиришүүдө.

Ким жана эмне себептен бул долбоор ишке ашып кетпейт деп айтып, коомдун алдында анын беделин кетирүүгө аракет жасап жатканы түшүнүксүз. Андан көрө бул долбоор керекпи, калыпка салынып калган билим берүүнүн альтернативдик башка жолун көрүп жатабы, ал менен кимдер иштеши керек, ошону айтканы жакшы. Журналисттер бир катар мугалимдер менен маектешип көрүштү, алар абалды кандай көрүшөрүн төмөнкүдөй айтып беришти.

Батма Молдобаева, Жалал-Абад шаарындагы №4 орто мектептин мугалими:

"Биз Билим берүү жана илим министрлиги түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуунун жолун тапканына кубанып жатабыз. Мунун натыйжасында окуучулар жөн эле үйдө отуруп калышпайт, дистанциялык формада билим алышат. Бул сонун жаңылык. Бирок эгерде мамлекеттик оператор мугалимдерге ар дайым окуучулар үчүн байланышта болууга акысыз интернетти жана билим берүүчү бардык ресурстарга акысыз кирүү шарттарын түзүп бербесе долбоор ишке ашпай калмак".

Айгуль Шадиева, Баткендеги мектеп-интернаттын тарбия иштери боюнча директордун орун басары, математика сабагынын мугалими:

"Бул учурда демейде окуучулар окушу керек болчу, бирок алар марттан баштап эле каникулга чыгып калышты. Буга байланыштуу биздин мектептин жетекчилиги окуучуларды онлайн окутуу чечимин кабыл алды. Жакында эле MegaCom компаниясынан акысыз интернетке туташылган SIM-карталарды алдык. Бул абдан ыкчамдык. Интернетке чектөөсүз кирүү менен биз окутуу процессин бат өздөштүрүп кете алабыз. Биздин окуучулар окуу программасынан өтө эле артта калган жок, баарына жетишип кетебиз деп ишенип турабыз".

Гүлшайыр Самудинова, Ысык-Көл облусунун Түп районунда орус тили жана адабияты сабагынан мугалим:

"Окуучулар 13-марттан баштап үйдө отуруп калышты. Буга байланыштуу онлайн-окутуу чечими кабыл алынды. Бирок бул үчүн биринчи кезекте сапаттуу интернет керек да. Билим берүү системин колдоо үчүн уюлдук оператор - MegaCom демилге көтөрүп чыкты. Жакында эле Балбай айылындагы мугалимдерге акысыз интернетке кошулган SIM-карталар таратылды. Бул колдоо мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да абдан маанилүү. Билим берүү процесси үзгүлтүккө учурабайт деп ниет кылабыз".

Аксатбек Дыйканбаев, Нарын шаарындагы №10 мектептин директору:

"Мектептин жалпы жамаатынын атынан MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Ушундай оор кырдаалда жардам көрсөтүп жатат - шаардагы мугалимдерге акысыз интернетке туташкан SIM-карталар таратыла баштады. MEGA24 тиркемеси жана окуучулар менен акысыз интернеттен сүйлөшүүнүн негизинде биз окутууну үзгүлтүккө учуратпайбыз деп ойлойм. Бүгүнкү түзүлгөн ушул кырдаалда мунун баары чоң мааниге ээ".

Мээрим Базарбай кызы, Ош шаарындагы №14 орто мектептин англис тили мугалими:

"Карантинге байланыштуу биз дистанциялык билим берүү формасынын процесстерине өтө баштадык, байланыштын айрым жабдыктарын сынактык негизде пайдаланып көрүүнү баштадык. 8-апрелден тартып аралыктан окутуу расмий түрдө башталат. Мен бийлик бул абалдан чыгуунун жолун таап, онлайн окутуу системин киргизип жатканына сүйүнүп жатам. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн мугалимдерге атайын тарифке кошулган SIM-карталар берилди. Анын алкагында мугалимдер билим берүү ресурстарына, MEGA24 тиркемесине жана башка билим берүүгө керек болгон ресурстарга тоскоолдуксуз кире алышат. Бизге WhatsApp тиркемесине акысыз жетки берилгени да кубандырып турат, бул балдар менен байланышта болууга эң керектүү аянтча".

Төртүнчү чейректин башталышына саналуу гана күндөр калды. Бул мектеп окуучулары кайрадан илимдин булагынан суу иче алышат дегенди билдирет. Бирок, албетте, онлайн режимде. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо ушул эле режимде жыйынтыктоочу экзамендерин тапшырып, жогорку окуу жайларга тапшыра алышат. Кыргызстандыктар Билим берүү жана илим министрлигинин, жоопкерчиликтүү компаниянын колдоосу менен бийлик аралыктан окутуу системин ишке ашырат жана окуу жылы үзгүлтүксүз аяктайт деп ишенип турат. Ким эмне дебесин мындай кыска убакыт ичинде нөлдөн баштап бул долбоорду ишке ашыруу баалоого татыктуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан