"AKNET" компаниясы коронавирустук очокто иштеп жаткан дарыгерлерге унаа бөлүп берди

Коронавирус пандемиясынан жана Кыргызстанда өзгөчө кырдаал тартибин киргизүүдөн келип чыккан абал татаал болуп жатат. Ден соолукту коргогон кызматкерлер азыркы учурда кыйынчылыктарды тартып жатышат. Анын ичинде жумушка жетүү - бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

Мындай оор абалды "AKNET" компаниясы түшүнүү менен кабыл алып, четте калган жок. Компания Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык кызматкерлер жумушка ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз жетүүсү үчүн ыңгайлуу транспортту өткөрүп берди.

Өз убагында жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлердин жумуш ордунда болушу мурдагыдан да маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги чексиз жана алар ден соолугуна зыян келтирип, жалпы элдин саламаттыгы үчүн иштешет.

Урматтуу дарыгерлер, "AKNET" компаниясы сиздердин талыкпаган эмгегиңиздерди баалап, сиздерге ийгиликтерди каалайт!

Биз муну БИРГИЛИКТЕ жеңе алабыз! Урматтоо менен "АKNET" тобу!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан