Бишкекте илбирсти коргоо боюнча Эл аралык жыйын өткөрүлөт

1-4-декабрь күндөрү Бишкекте илбирсти коргоо боюнча Эл аралык кеӊешме-жыйын өтөт. Аталган иш-чара КРнын Президентинин демилгеси менен Эл аралык илбирсти коргоо уюмунун (SLT), Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) жана Дүйнөлүк Банктын глобалдык жолборс боюнча демилге программасынын (WB/GTI) каржылык колдоосу астында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Эл аралык илбирсти сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору Кубанычбек Жумабаев маалымат берди. Иш-чарага илбирс байырлаган 12 өлкөдөн (Кыргызстан, Ооганстан, Бутан, Индия, Кытай, Монголия, Пакистан, Непал, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан) эксперттер келип, илбирстерди сактап калуу жана коргоо боюнча маселелер талкууланат. Кубанычбек Жумабаевдин айтымында, бул саамалык эмки жылы апрель айында аталган өлкөлөрдүн катышуусунда, министрлер деӊгээлинде уланат. Дүйнөлүк Илбирсти сактоо боюнча форум келерки жылы ШКУнун саммитинин алкагында Бишкекте өтмөкчү. Ага илбирс жашаган 12 өлкөнүн президенттери чакырылмакчы. Кошумчалап кетсек, илбирс - жер жүзүндөгү жоголуп бара жаткан жаныбарлардын бири. Алардын жалпы саны 3,5-7 миң деп саналат. Кыргызстанда болсо, аталган мышык түркүмүнө кирген жаныбардын саны 300-400 чамалуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан