"Жарандар үйдө карантинде, бирок муниципалдык кызматтын өкүлдөрү күчөтүлгөн иш тартибине өтүштү", - деп жазылат Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Анда белгиленгендей, Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын ачылган эсепке которушат.4-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 миллион 919 миң 729 сом түшкөн.