Өлкөнүн ар бир окуучусу шаршемби күнү 2020-жылдын 8-апрелинде баштала турган дистанциялык окутуу үчүн керектүү нерселердин баарына ээ болот.
Окуучулар үчүн «Окуучу» тарифтик планы - бул:
«Окуучу» тарифине кошулуунун 3 варианты бар.
1) «МОЙ О!» тиркемеси аркылуу аралыктан кошулуу
«Окуучу» социалдык тарифине кошулуу үчүн Окуучу «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек.Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек. «Тарифтер» менюсуна киресиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Тизме боюнча окуучуларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде Окуучунун “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.
2) Окуучуларды мектеп жетекчилигинин тизмеси менен кошуу
Мектептин директору же директордун орун басары тарабынан окуучулардын учурдагы колдонуп жаткан телефон номерлери менен берилген тизмеге жараша окуучуларды «Окуучу» тарифтик планына аралыктан кошуп коюу дагы мүмкүн. Тизмелер кол тамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүп, okuuchu@nurtelecom.kg дарегине жөнөтүлүшү зарыл.
3) Бардык O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесинен кошулса болот.
«Окуучу» тарифин баласынын номери ата-энесине жол-жобоштурулган болсо, ата-энеси кошо алат. O!Store кеңсесине кайрылганда ата-эненин жанында өзүнүн паспортунун жана окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн болуусу зарыл.
Тарифтик пландын мөөнөтү – окуу жылынын аягына чейин, башкача айтканда 2020-жылдын 1-июнуна чейин (камтуу менен). Кененирээк маалымат o.kg сайтында.
Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.