Нурлан Мотуевдин Бишкек шаардык ИИБи тарабынан кармалып, камакка алынганын Назарбек Нышанов айтып чыкты

Бүгүн Нурлан Мотуевдин Бишкек шаардык ИИБи тарабынан кармалып, камакка алынганын анын тарапташы Назарбек Нышанов айтып чыкты. Анын айтымында, бүгүн кечке маал Бишкек шаардык ИИБнин кызматкерлери Нурлан Мотуевди кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. "Бизге көп нерсе белгисиз, муну териштиребиз" дейт Нышанов. Ал эми Ички иштер министрлиги Нурлан Мотуев айрым бир маселелер боюнча сүйлөшүүгө чакырылганын, эч кандай кармап кетүү, камоо болбогонун билдирди. Эскерте кетсек, эртең Бишкекте оппозиция тараптын нааразычылык митинги өтөт деген кеп бар.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан