"АКНЕТ" компаниясы укук коргоо кызматкерлерине смартфондорду алып берди

«АКНЕТ» компаниясы Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетинин демилгесин колдоп, башка компаниялар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын керегине жаратуу үчүн смартфон алууга материалдык жардам көрсөттү. Блокпостто турган кызматкерлер дароо QR-код боюнча электрондук пропусктардын аныктыгын (жасалма эмес) текшерип, жумушун жеңилдетет. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин смартфондор "Санарип Кыргызстан", "Коопсуз шаар" концепциясынын алкагында колдонулат. "АКНЕТ" компаниясынын президенти Нурбек Абасканов Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетине өз колу менен смартфондорду тапшырды. Биз бирдикте жеңебиз!

Урматыбыз менен "АКНЕТ" командасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан