Beeline абоненттерине ыңгайлуу шарт түзүү үчүн “Фрунзе” гипермаркеттерине 9 сатуу түйүндөрүн ачууда. Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу компания маанилүү кызматтар баарына жеткиликтүү болуп, ал кызматтан адамдар саламаттыгына коркунуч жаратпай пайдаланышы үчүн бул шарттар каралууда.
Компаниянын кызматкерлеринин баары бет капчан, колдоруна кол кап кийип иштеп жатышат. Гипермаркетте жалпы керектөөчүлөр колдонууга антисептикалык каражаттар коюлган.
Жаңы ачылган сатуу жайларында төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
* Балансты толтуруу;
* Сим-карталарды алуу жана алмаштыруу;
* Тарифти өзгөртүү;
* Номерди калыбына келтирүү жана кайра каттоо;
* Номерди блоктоо жана блоктон чыгаруу.
Beeline'дын сатуу жайлары ачылган "Фрунзе" гипермаркеттеринин даректери:
Бишкек шаарындагы "Фрунзе" гипермаркеттеринде сатуу түйүндөр күн сайын саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Мындан тышкары сим-картаны каттоо же балансты толтурууну үйдөн чыкпай эле акысыз жеткирип берүү кызматы аркылуу жүргүзсө болот. (dostavka.beeline.kg)
Beeline - Сизге жана жакындарыңызга кам көрөт.