FINCA Банк мамлекетке COVID-19 менен күрөшүүгө 3 миллион сом бөлдү

FINCA Банк адамдын дем алуу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу медициналык жабдууларды сатып алууга 3 миллион сом бөлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары жана кычкылтек концентраторлору сыяктуу жабдуулар бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүүдө өлкө үчүн эң керектүү болуп саналат.

20 кычкылтек концентратору жана 20 BIPAP аппараты түрүндөгү жабдуулар вирустук инфекцияга каршы күрөшүп жаткан жана жабдуулары жетишсиз болуп жаткан медициналык мекемелерге, өз өмүрүн тобокелге салып, биздин жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшап, ушул илдет менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерибизге өткөрүп берилет.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү вируска каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти: «Биз Банктын мындай кайрымдуулук ишин жогору бааладык жана ушул оор мезгилде көрсөткөн жардамы үчүн ыраазыбыз», - деп белгиледи министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов.

FINCA Банк коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө болгон салымын кошууну өз милдети деп эсептейт, бул азыркы убакта дүйнөлүк экономикалык туруктуулуктун башкы көйгөйү гана болбостон, Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө жана ден соолугуна да реалдуу коркунуч туудурууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан