Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштонду кабыл алды

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштонду  кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташуу  маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө: “Акыркы 20 жылдын аралыгында Европа союзу тарабынан бизге көп колдоо көрсөтүлдү. Мындай колдоо үчүн биз сиздерге абдан ыраазыбыз”,- деди мамлекет башчы. Өз кезегинде Кэтрин Эштон Европа союзу мындан нары да Кыргызстанга демократиялык коомду түзүүдө жана экономикалык өнүгүүдө колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан