Адамдар адамдарга жардам берет. "Santo" компаниясы Бишкектеги жана түштүк аймактагы дарыгерлерге көмөк көрсөтүштү

"Santo" компаниясы республиканын аймагындагы дарыгерлерге жана фармацевттерге жардам берүүнү улантууда. Бул ирет компания врус жуктуруп алгандардын очогу делинген Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы, Сузак районундагы дарыгерлерге жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды.


"Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттердин медицина кызматкерлери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганы белгилүү. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө бул вирусту жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 83кө жетти. Мындай болбошу керек, биз четте карап турбашыбыз кажет. Эч ким четте карап турбашы карек! Биздин биринчи көмөгүбүздү 1 миң 250 дарыгер жана фармацевттер алышты. Аларга жеке коргонуучу каражаттар, антисептиктер салынган атайын коробкалар таратылды. Учурда жардамдын экинчи партиясын таратуу даярдалып жатат. Анда 1 миң 200 коргонуучу костюмдар берилет. Бүгүнкү күндө 150 костюм дарегине жеткирилди", - дешти компаниядан.

"Жогорку сапаттагы коргонуучу костюмдар сатып алынган, учурда маршруттук баракчаларды даярдап, уюштуруу иштериндеги маселелерди чечип жатабыз. Кийинки аптада медицина тармагынын кызматкерлерине коргонуучу костюмдарды жеткиребиз", - дешти компаниянын өкүлдөрү.

"Santo" компаниясы буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн коронавируска каршы күрөшүүсүнө жардам кылып, Бишкектеги дарыгерлерди жумушка ташуу боюнча транспорт уюштурган. Анда транспорттор эки апта бою 25-30 адамдык 7 автобус медицина кызматкерлерин ташуу ишин баштаган. Бүгүндөн тарта дарыгерлер үчүн уюштурулган транспорттор 30-апрелге чейин иштей турганын кабарлайбыз. Ырасында эле - адамдар адамдарга жардам берет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан