Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар калктуу конуштары банктык кызмат көрсөтүүлөргө жетпей калды. Түзүлгөн кырдаалды эске алып, «Керемет Банк» жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өтүнүчү боюнча Жалал-Абад жана Чүй облустарынын үч алыскы айылдарында өзгөчө абал мезгилинде көчмө кассалардын иштөөсүн уюштурду:
* Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айылында (иштөө шарттамы дүйшөмбүдө, шаршембиде жана жума күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин);
* Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында (иштөө шарттамы шейшембиде жана бейшембиде саат 09:00дөн 15:00гө чейин);
* Чүй облусунун Ленинское айылында Алма-Ата көч., 285 дареги боюнча (иштөө шарттамы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10:00дөн 13:00гө чейин).
Көчмө тейлөө чекиттери төмөнкү банктык кызматтарды көрсөтүшөт:
* пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды берүү;
* акча каражаттарын накталай акчага айлантуу жана pos-терминалдар аркылуу банктык төлөм карталары боюнча операцияларды жүргүзүү;
* физикалык жактар үчүн акча которууларын жүзөгө ашыруу;
* акча банкнотторунун чыныгылыгын текшерүү жана накталай чет элдик валюта менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүү;
* бюджетке төлөмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү кабыл алуу;
* банктын кардарларынан алынган насыяларды төлөп кутулуунун эсебине төлөмдөрдү кабыл алуу.
Кардарлар менен иштешкен банктын кызматкерлери бардык зарыл коопсуздук чараларын сакташат: чыгаар алдында банк жабдуусу дыкат иштетилет, жер-жерлерде дезинфекциялоочу каражаттар бар болот жана жекече коргоо каражаттары колдонулат.
«Керемет Банктын» көчмө жана стационардык тейлөө чекиттеринин иштөөсү жөнүндө бардык маселелерди байланыш-борборунан (0 312) 55 44 44 телефону боюнча, WhatsApp (0 557) 55 44 44 аркылуу же сайттан кайтарым байланыш аркылуу тактоого болот - https://keremetbank.kg/.