Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин сел агымдарынан Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жалпысынан 3229 үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын ичинен 412 үй авариялык абалда болсо, 230 үй толук оңдоого муктаж. Ошондой эле селден 2316 мал кырылып, 9959,74 гектар эгин талаасы жабыркаган.