Ысык-Көл. Теплоключенка айылында картошканы кайра иштетүүчү ишкана курулууда

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында картошканы кайра иштетүүчү ишкана курулууда. Бүгүнкү күнү анын пайдубалы куюлуп, дубалы көтөрүлүүдө. Бүтүрүү иши келерки жылга пландаштырылган. Аталган ишкана бүтсө, суткасына 60 тонна картошка кайра иштетилмекчи. Айылдын округ башчысы Улан Дөкөнбаевдин билдирүүсүнө ылайык, иштетилүүчү продукцияга картошканын кичинелери гана керектелет. Андан картошка уну чыгарылмакчы. Эске сала кетсек, ишкана Корея өлкөсү менен түзүлгөн долбоордун негизинде курулуп, жалпы суммасы 700 миллион сомду түзөт. Анын 350 миллион сому жабдык алыш үчүн кетсе, дагы 350 миллион сому анын жумушуна кетет. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан