"Авангард Стиль" коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кочкор районуна 1 миллион сом, куруучуларга, комендатурага жардамын берүүдө

“Авангард Стиль” курулуш компаниясы бардыгы менен биргеликте COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн үйлөрдү дезинфекциялап, куруучуларга, комендатурага жардам берүүдө.

“Авангард Стиль” курулуш компаниясы COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 1 миллион сом которду.

Каражат Кочкор районунун пандемияга каршы күрөшүү штабына түштү. Бүгүнкү күндө курулуш тармагы инфекциянын жайылышына жол бербөөгө өз салымын кошууга аракет кылып жатат. “Авангард” курулуш компаниясынын артыкчылыгы, албетте, курулган үйлөрдө жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу. Компания тарабынан курулган бардык турак жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда, бул 50дөн ашык объект.

“Биз өлкөбүздүн жана бүткүл дүйнөнүн канчалык оор абалда болуп жатканын түшүнүп жатабыз. Бизди өзгөчө куруучулардын абалы тынчсыздандырууда, аларга гуманитардык жардам бердик. 200дөн ашык үй-бүлө азык-түлүк баштыгын алышат”, - деп билдиришти компаниядан.

“Авангард Стиль” курулуш компаниясынын жалпы жамааты, бүтүндөй калктын биримдиги жана өкмөттүн талаптарын так сактоо гана вирусту жеңүүгө жардам берет деп ишенет.

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн компания Бишкектеги коменданттын штабына 3 миң кол кап, 10 атайын комбинезон, 10 атайын көз айнек, ошондой эле “ыкчам байланыштын” ишин жакшыртууга жана дайыма байланышта болууга 6 смартфон берди.

“Бул биз жасай алгандын кичинекей бир бөлүгү. Бүгүнкү күнү алдыңкы катарда тургандарга жана каражатка муктаж болгондорго кыйын болуп жатат. “Авангард Стиль” курулуш компаниясы эл мененбиз. Үйдө болуңуздар. Коопсуздуктун бардык чараларын сактаңыздар! Өзүңүздөргө, ата-энелериңиздерге жана жакындарыңыздарга кам көрүңүз!”, - дейт компаниянын башкы директору Эрнис Минкеев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан