Акыркы мезгилде Орусияда жүргөн мигранттардын көпчүлүгүн кыргыздар, өзбектер жана тажиктер түзөт. Мындан Орусияда өткөрүлгөн эл каттоолор (1989, 2002, 2010) кабар берет. Иликтөө жүргүзгөн адистердин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: “Өткөн кылымдын 1990-жылдарында Орусияга миграциялык, этникалык агым негизинен Кавказдан келчү. Орто Азиядан тажиктер менен түрктөрдүн аз санда келүүсү байкалчу. Тажиктер менен түрктөр негизинен согуштун айынан качууга аргасыз болушкан. Бирок 2000-жылдардан тартып Орусияга кыргыз, өзбек жана тажиктердин келүүсү көбөйдү”. Кавказдан иммиграциянын азаюусуна аталган аймакта жашоо-шарттын жакшырганы себеп болууда деген божомолдор бар. Ошондой эле иликтөөчүлөр алардын анализи чындыкка дал келбеши мүмкүндүгүн эскертишет. Анткени Орусияда жүргүзүлгөн эл каттоо мигранттардын баарын камтыды деп айтууга болбойт.