Анвар Абдраев: "Каатчылык кырдаалда өлкөнүн финансылык коопсуздугу баарынан жогору турат"

"Кыргызстан Банктар Бирикмесинин" президенти Анвар Абдраев валюталык алмаштыруу операцияларынын ишмердигин жөнгө сала турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү азыркы кырдаалда актуалдуу жана буга убакыт келди деп эсептейт.

Депутаттар чет элдик валютанын кунун регулятор тарабынан көзөмөлдөөнү күчөтүү максатындагы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. "Кыргызстан Банктар Бирикмесинин" президенти Анвар Абдраев SUPER.KG порталына берген маегинде парламентарийлердин демилгесине колдоо иретиндеги пикирин билдирди.

- Анвар Карикеевич, акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесине кандай карайсыз?

- Бүгүнкү күнү алмаштыруу операциялары Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынат. Кыргызстанда алмаштыруу операциялары 1990-жылдары улуттук валюта чыгарыла баштагандан тартып пайда болгон. Кирешени чет мамлекеттик валютаны алып-сатуудан түшкөн айырмадан табышкан. Башында алмаштыруу бюролору жөнгө салынган эмес, андан соң алмаштыруу бюролоруна бир катар талаптар коюлган, алардын арасында тийиштүү лицензия алуу шарты болгон.

Улуттук банк жүргүзгөн чараларга карабастан, алмаштыруу бюролору өздөрүнүн реалдуу жүгүртүүсүн жана кирешелеринин факт түрүндөгү көлөмүн «көрсөтүүдөн» качышууда, анткени көмүскө жүгүртүүдөн түшкөн киреше көрсөтүлгөн кирешеден жана өлкөнүн бюджетине төлөнгөн салыктын өлчөмүнөн ондогон эсе көп болушу ыктымал

- Мындай таасир алмашуу бюролоруна эмне берет?

- Биринчиден, алмаштыруу бюролорунун бардык эле операциялары ачык-айкын мүнөздө эмес. Ошол эле убакта алар бизнестин ар кыл сферасын: элдик керектөөдөгү товарлардан тарта, күйүүчү-майлоочу каражаттарга чейин кызмат көрсөтүп келишет.

Экинчиден, акча алмаштыруу бюролору терроризмди каржылоого каршы туруу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелер боюнча мыйзамда белгиленген эрежелерди дайыма эле аткара бербейт.

Үчүнчүдөн, алмаштыруу бюролорунда көп учурда накталай акча менен иштөө боюнча тийиштүү документтер жок.

Мындай тобокелчиликтерди жок кылуу жана ачык-айкын салык үчүн, биз бардык алмаштыруу операциялары тийиштүү саясаты жана процедуралары, ички көзөмөл системасы жана валюта алмаштыруу боюнча бардык операциялар каттоого алынган атайын финансылык-кредиттик мекемелерде жүргүзүлүшү керек деп эсептейбиз.

- Акча алмаштыруу бюролорунун жабылышы менен Улуттук банк валюта кунунун деңгээлин кантип жөнгө сала алат?

- Операцияларды жүргүзүү жана бул операциялардын регулятор болуп саналган Улуттук банк менен өз ара мамилеси ачык-айкын болушу керек.

2020-жылдын март-апрель айларындагыдай каатчылык кырдаал түзүлгөн учурда, кесепети жыйынтыкта өлкөнүн калкына жүктөлө турган туруксуздаштыруучу факторлор менен күрөшүүдө мамлекеттин өзүнүн таасир этүү рычагы болушу керек. Инфляциянын кесепетинен биринчи кезекте калк жабыр тартат, андыктан мындай кырдаалда өлкөнүн жарандарынын жана жалпы мамлекеттин финансылык коопсуздугун камсыздоо үчүн бул багытты жөнгө салуу зарыл.

- Депутаттардын демилгесине каршы чыккандар рынокто монополизация пайда болушу мүмкүн дешет. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, бүгүнкү күнү алмаштыруу операцияларын коммерциялык банктардан сырткары, өлкөнүн ар бир районунда кеңселери бар микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик уюмдар же кредиттик бирикмелер жүргүзө алат.

Мында монополизация жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, биздин банктык система, тескерисинче, атаандаштыктын жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт.

Экинчиден, алмаштыруу бюролору уюмдук-укуктук формасын өзгөртө алат: жогоруда аталган финансылык институттардын бири катары реформаланса болот.

- 2014-жылдагы валюталык каатчылык учурунда алмаштыруу бюролоруна тыюу салуу маселеси парламентте талкууланган, бирок демилге колдоого ээ болгон эмес. Азыр кырдаал эмнеси менен айырмаланып турат?

- Бүгүнкү күнү каатчылык менен рыноктун айрым катышуучуларынын спекулятивдик аракеттери бириккендеги курч кырдаал байкалып, депутаттардын тобу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти.

Өзгөртүү киргизүүнүн оппоненттери айткан 90-жылдардын башындагыдай алмаштыруу бюролордун көмүскөгө кетүүсүнө жол берилбейт. Анткени рынокто аталган ишмердик түрү менен алектенген расмий оюнчулар жана көмүскөгө кетирбөө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча Улуттук банк менен башка мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Себептер Улуттук банктын алмаштыруу бюролору боюнча статистикасы менен тастыкталат: 2019-жыл менен 2020-жылдын башында эле 15 лицензия артка чакыртылып, 129 лицензиянын аракети токтотулган, 16 эскертүү, 220 жазма буйрук жиберилген.

Бизде рыноктук валюта жүгүртүү, валюта рыноктук наркта, ошол эле убакта, өзгөчө оор кырдаалдарда, мамлекет өлкөнүн жалпы экономикалык жана финансылык коопсуздугун жөнгө салуусу жана колдоосу керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан