Парламентте кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу маселеси каралууда

Парламентте кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган токтомду жокко чыгаруу маселеси каралууда. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов аталган маселеге байланыштуу ЖКнын токтомун жокко чыгаруу сунушун айтты. Ал эми депутат Анарбек Баратов: "Бул токтом учурунда эмненин негизинде кабыл алынды эле? Бир себеби бар да. Бир депутат токтом кабыл алалы десе кабыл алып, эртеси башка депутат бул токтомду жокко чыгаралы десе эле макул боло беребизби?",- деди. Буга айрым депутаттар "бул токтом убагында кыргыз айдоочуларын колдоо максатында жана Кыргызстанга кирген жүктү кыргыз айдоочулары гана ташысын деген максатта кабыл алынган" деп жооп узатышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан