Муфтияттын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москвадагы мекендештерге жардам баштыкчалары таратылды

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаарындагы жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек Жусубалиев учурдагы кырдаалды эске алып, улуу Рамазан айы кирип келгендиктен өкүлчүлүк 40 миң рублдун тегерегинде жардам баштыкчаларын даярдаганын айткан.

"Биз дагы ушундай оор кырдаалда кол куушуруп карап турбастан, колубуздан келишинче иштебей үйүндө отуруп калган мекендештерге жардам бергибиз келди. Аларга күнүмдүк тамак-аш азыктарынан ун, май, макарон, пияз, картошка, күрүч, гречка, курма, бет кап, намаз китеби салынган баштыкчаны жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратып бердик. Мындай кайрымдуулук жардамы кийин дагы улантылат", - дейт Сүйүнбек Жусубалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Migrant-rf
2020-04-22 20:49:12
Только риа экен, диндарынан баштап артист, саясатчы, ишкерлерге чейин он сомдук жардам кылсада элге көргөзмөй, дагы сегизөөсү чокойуп туруп алганычы тимеле кырк млн рубльдук жардам кылгансып!))
-6
Bekturbek
2020-04-22 20:55:02
Migrant-rf, Сен да жардам берип чыгарып кой! Сага окшогон ХХХХ, эчтеке жакпайт! Сен өзүң, адамдарга пайдаң тийдиби? Сен анын рия экенин, кайдан билдиң? Же сен анын ичиңдеги ойун, ниетин билчү Кудайсыңбы? Же бакшысыңбы?
-1
erlan2196
2020-04-22 20:59:16
Эптеп эле муфтияттын рекламасы. Муфтият бир тоок союп койсо, аны мин жылкы союп койгонсуп жарнама кылып коесунар. Жонокой деле адамдар жардам берип жатышат. Аларды айткан киши жок.
+3
Kennedy
2020-04-23 03:03:41
erlan2196, мусулмандарга маалымат бериптир да. Башкалар тим коё берсин 4-5 почтадан 1 адам кирип алып туура эмес пикир жазбай деген окшойт.
-9
Sakura715
2020-04-22 21:09:23
30 эле экен го?30на 30у келип суротко тушуптур го!? Москвадагы кыргыздардын 0,001% да тузбойт бул 30 адам.Так что мактана турган нерселерге мактангылачы!

Мындан ашык жардам кылгандарды бул жака жарыялап,элдин алкоосун албай элего алар... Мага жооп жазып албагыла анан акылдуу болуп,аз жардам бергендер "мактанбай"эле жардам берип жатышат!

Хайп учун жашап жургондор аллергия да просто
+8
Samatalibei
2020-04-22 22:22:26
Ислам дини боюнча тема болсо. Ит шумшугондой андыбай Комментарии жазбай жоголгулачы.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан