Ысык-Көл.Түп районунда жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун техникалык абалы текшерүүдөн өттү

Бул тууралуу Жол көзөмөлдөө кызматынын облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Насипбек Калмурзаев маалымдайт. Эске сала кетсек, облус боюнча бүгүнкү күнгө чейин 337 жол кырсыгы катталса, анын 41и Түп районунун аймагында болуп, жүргүнчүлөрдү ташуучу 12 автомашина жол кырсыгына кабылган. Мунун негизги себептеринен болуп айдоочулардын рулду өтө жогорку ылдамдыкта башкаруусу, айдоочулук тажрыйбаларынын жоктугу эсептелет. Учурда Түп районунун аймагында жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүчү 3 фирма жана 6 негизги каттам иштеп жатат. Текшерүүдөн өтүшкөн автотранспорттун көпчүлүгү оң абалында экендиги аныкталды. Эң негизгиси, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын кышка карата дөңгөлөктөрү жаңыртылып, тормоздук системдери калыбына келтирилген. Анча-мынча кемчиликтер ордунда айтылып, аларга мамлекеттик автоинспекциялар тарабынан тезинен жасап чыгуу талаптары коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан