1-4-декабрь күндөрү Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүүсү күтүлүп жаткан “Кинопроба” фестивалынын программасына 4 кыргыз тасмасы киргизилди. Бул тууралуу кинематографты өнүктүрүү фондунун сайты маалымдайт. 4 тасманын экөөсү сынакка катышса, калгандары сынактан тышкары көрсөтүлөт. Сынакка “Суу” (Алижан Насиров) жана “Бакыт” (Тынчтык Абылкасымов) тасмалары тандалып алынган. Ал эми Эмил Атагелдиевдин "Моисей: ичинде деңиз" жана Тынчтык Акималиевдин “Бүтпөгөн түштөр” тасмалары фестивалга сынактан тышкары катышат.