Исмаил Исаков: "Кытайдын жүк ташуучу унааларынын Кыргызстанга киришине тыюу салган токтомду жоюу - кыргыз элине жасаган тескери иш"

Парламентте кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган токтомду жокко чыгаруу талаш-тартыш жаратууда. Депутат Исмаил Исаков бул демилгени көтөрүп чыккан тарапты сынга алып, мындай аракет кыргыз элине каршы иш жасоого барабар экенин айтты. "Биз, депутаттар, убагында кыргыз айдоочуларын коргоп, аталган токтомго добуш бергенбиз. Кыргыз айдоочулары иш менен камсыз болсун, элге жардам болсун деп. Бүгүн аны жокко чыгарганы турабыз. Эл аралык мыйзамдарга туура келбейт деп жатабыз. Эл аралык мыйзамдарды Кытай аткарбаса, эмне үчүн биз аткарышыбыз керек? Экономикага таасир этет деп коркпоо керек, Кытай болбосо Орусия, Түркия бар, ошолор менен келишим түзүш керек",- деди Исаков. Бир катар депутаттар бул маселе боюнча Өкмөткө тапшырма берүү сунушун айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан