Жалал-Абад. Арал айылында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өттү

27-ноябрда Ноокен районундагы Арал айылдык округунун №6-орто мектебинде “Канткенде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алабыз?” деген аталыштагы кеңешме өткөрүлдү. Орто мектептин директорунун орун басары Ч.Курбанбаеванын айтымында, иш-чарага педагогдор, ата-энелер, окуучулар, райондук мамлекеттик администрациянын, билим берүү жана ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери катышты. Тегерек столдо жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу чарасын көрүү, ага коомчулуктун тиешелүү бардык өкүлдөрүн тартуу боюнча талкуу болуп, окуучулардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип жаткан коомдогу жат көрүнүштөр тууралуу талкуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан