Шопингди сагынгандар үчүн! 21-майдан тартып соода дүкөндөрү, кийим-кече саткан базарлар ачылат. Уруксат берилген ишмердүүлүктүн толук тизмеси

Бүгүн, 28-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында 21-майдан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилерин айтты.

1. Калкты тейлөө борборлору:

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

- акча алмашуу пункттары;

- ломбарддар.

2. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борборлору:

- бут кийим оӊдоо;

- эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

- соода борборлору;

- кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;

- автомобиль базарлары; - коштоочу кызматтар.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Муну менен бирге эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кирүүсү мүмкүн. Премьер-министр санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, тартип бузуулар үчүн ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери өздөрү жоопкерчиликти алышарын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aza84
2020-04-28 23:26:06
Ага чейин кантип чыдайбыз
+1
Baatirbek81
2020-04-28 23:43:08
Ошондо жашоо башталат турбайбы э?
+6
baku24
2020-04-28 23:49:46
Шопингке эмес азыр курсакка акча зорго жетип атат. Быйыл кузго чейин шопингжон эле тура турсун капа болбой.
+15
Djumahmatov
2020-04-29 01:07:48
Стройкаларчы?
+2
Bars88
2020-04-29 01:23:36
Эл оорудан эмес ачкалыктан нервтен оло турган болду.Оорусу деле жасалма ооруга окшошуп атат канча ооруду дегендер чыкты дары ичкен жокмун деп
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-29 07:04:41
Шоппинге акчаң болсо аласыңбы?)
+7
talant87
2020-04-29 09:33:28
Кийим машина негизи жакшы секин секин ачылаберсин Бир айда толук ачылсынчы
+1
adoi
2020-04-29 09:42:38
Акча жок маалда абересиз башталат экенда
+3
vikidiki
2020-04-29 12:15:02
Дордой ошондо 21-нен кийин ачылат бекен?
+1
Paol
2020-04-29 18:47:11
Коко тикенегим жок болсо эмнеме алам
+1
tynara81
2020-04-29 20:05:46
Шопингди сагынбадык. Бирок носкилер жыртылды )). Балдардын былтыркы жазгы-жайкы бут кийимдери батпайт, жаңысы алуу керек дегендей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан