"Республика": "Наргиза Ажибаева тууралуу тартылган видео - атайын кызматтын кылганы"

"Республика" партиясы интернетке жайылып кеткен "карусель" тууралуу видеого расмий билдирүү жасады. "Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Наргиза Ажибаева тууралуу тартылган видео бийликтегилердин провокациясы. Ошондой эле мындай иш биздин партиянын Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо мыйзам бузуулар болгондугу үчүн добуштарды кайра санап чыгуу талабыбызга жооп болуп жатат. Бийликтеги партиялар атайын кызматтын жардамы менен ар кандай технологияларды колдонуп, штаттан тышкары иштеген эки провокаторду киргизип, чуулуу видеону тарттырышкан. Азырынча биз Наргиза Ажибаеванын кайда экенин аныктай албай жатабыз. Эгер мыйзам бузуу такталып калса, анда биздин партия добуштардын жыйынтыгын четке кагууну талап кылабыз. Коомчулук өзү чечим чыгарсын",- деп айтылат билдирүүдө.

УКМК бул видеого эч кандай тиешеси жок экендигин жарыялады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан