"Формамды жоготпош үчүн карантинде машыгууну уланта берүүнү чечтим. Албетте, мындай аянтча тажрыйбалуу спортчу үчүн деле кооптуу болушу мүмкүн. Андыктан абайлоо керек. Бул башкаларга дагы ушундай кылгыла деген чакырык эмес. Болгону спорт менен машыгып жана көрүнбөгөн коркунуч тууралуу бир аз болсо дагы унутуп туруунун жолу", - деген Симон Ногейра.
Францияда спорт менен машыгууга үйдөн 1 чакырымдан алыс эмес жерге чейин уруксат берилген. Мындан улам Симон Ногейра аттуу паркур спортчусу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып, машыга баштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.