Талас. Бакай-Атада чылымдын айынан өрт чыгып, 9 миң сом зыян алып келди
Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн
алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдиргендей, 27-ноябрда саат
23:13тө Бакай-Ата районунун Маданият айылынын Казаков көчөсүндөгү №123-үйүндө малга тоют катары сакталган чөп күйдү деген маалымат келип түшкөн. Заматта жетип барган өрт өчүрүү кызматкерлеринин жардамы менен тилсиз жоо саат 06:40та токтотулуп, натыйжада 500 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып
калган. Өрттүн чыгымы 9 миң сомду түзүп, өрттүн чыгышына өчүрүлбөй
ташталган тамеки себеп болгону такталды.